Башкы беткеКоом«Кыргыз почтасы» РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды

«Кыргыз почтасы» РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды

Москва шаарында Байланыш тармагындагы Регионалдык Шериктештиктин (РСС) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган юбилейлик форум өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, улуттук почта операторлорунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана байланыш, санариптик технологиялар жана логистика тармагындагы адистер катышты. Форумда почта кызматтарын өнүктүрүү, санариптештирүү, электрондук соода, логистика жана маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды. Сыйлык компанияга почта тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, эл аралык кызматташтыкты бекемдегени жана РССтин ишине активдүү катышканы үчүн ыйгарылды.

Компаниянын маалыматына караганда, сыйлык «Кыргыз почтасынын» почта кызматтарын өркүндөтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү багытындагы эмгегине берилген баа болуп саналат.

«Кыргыз почтасы» ААК мындан ары да почта тармагын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишин улантарын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар