Башкы беткеКоомӨКМде жаңыланган коомдук кабылдама ишин баштады

ӨКМде жаңыланган коомдук кабылдама ишин баштады

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн жаңыланган коомдук кабылдама ишин баштады.

Кабылдама жарандардын көйгөйлүү маселелерин ыкчам кароого, сунуш-пикирлерин түз жеткирүүгө жана министрликтин жетекчилиги менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын май айындагы №181 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. Негизги максат — мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы байланышты күчөтүп, элдин кайрылууларын өз убагында жана натыйжалуу кароо.

Жарандар кабылдама аркылуу министрликтин жетекчилигине кайрылып, сунуштарын жана сын-пикирлерин түз билдире алышат.

Мындан тышкары, кабылдамада жайгаштырылган QR-код аркылуу министрге түз кайрылып, коррупциянын алдын алуу боюнча маалыматтарды, ошондой эле сунуш жана сын-пикирлерди жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар