Агартуу министрлиги Түп районундагы мектептердин биринде ата-энеге эскилиги жеткен окуу китеби берилгени

тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.
Министрликтин өкүлү Мелисбек Музулмановдун айтымында, санитардык талаптарга жооп бербеген, эскилиги жеткен же тытылган китептерди мектептерде колдонууга тыюу салынган. Окуу китебин алган жаранга эртеси күнү талапка жооп берген жаңы нуска жеткирилип берилген.
Ошондой эле окуу китептеринин электрондук варианттары атайын kitep.edu.kg сайтында жеткиликтүү экени маалымдалды.
Музулманов Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен
өтүүгө байланыштуу учурда 11 жана 12 жылдык программалардын окуу китептери колдонулуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 2030-жылга чейин бардык окуу китептерин 12 жылдык билим берүү программасына ылайыкташтырып, окуучуларды жетиштүү нуска менен камсыз кылуу милдети коюлган.



