Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамды караган жеке ассистенттерге эмгек акы төлөө тартиби өзгөрдү. Жаңы тартип 1-сентябрдан тартып күчүнө кирди.
Эми бир жеке ассистент бир үй-бүлөдөгү эки же андан көп майыптыгы бар адамга бир убакта кам көргөн учурда, ар бир кызмат алуучу үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт. Ошондой эле туруктуу кароого муктаж адамдар үчүн жергиликтүү бийликтен социалдык паспорт алуу талабы жоюлду. Министрликтин маалыматына караганда, жеке ассистенттин кызматы үй-бүлөнүн кирешесине карабастан дайындалат.
1-сентябрга карата жеке ассистенттин айлык акысы 8 697 сомду түзөт. Бул өлкөдөгү жан башына эсептелген орточо жашоо минимумуна барабар.
«Жеке ассистент» кызматы Кыргызстанда 2019-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Учурда андан 15 миңге жакын адам пайдаланууда. Алардын 9,5 миңи майыптыгы бар балдар, 5,5 миңи бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоң адамдар.



