Бишкекте күндүз абанын температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин колдонулат.
Муниципалитет айдоочуларды жана транспорттук компанияларды талаптарды сактап, оор жүк ташуучу унаалардын каттамдарын чектөө жок убакытка пландаштырууга чакырды.
Чектөө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, шаардык жолдорду сактоо жана алардын кызмат мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.



