Башкы беткеКоомТүрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөштү күчөтөт

Түрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөштү күчөтөт

Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин 3-жыйыны өтүп, анда коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөштү күчөтүү маселелери талкууланды. Жыйынга Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жана Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Тараптар уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз букмекерликке жана кумар оюндарына каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүнү макулдашты. Ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды табуу, дайынсыз жоголгондордун жүргөн жерин аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга каршы маалымат алмашууну жакшыртуу маселелери каралды.

Жыйында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү тууралуу макулдашуунун долбоору талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын бекемдеген биргелешкен декларацияга кол коюшту. Ички иштер министрлеринин кийинки, 4-жыйыны 2027-жылы Түркияда өтөрү белгиленди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар