Башкы беткеКоом"Бала ырысы": 232 миңден ашуун алуучуга 285,6 млн сом төлөндү

“Бала ырысы”: 232 миңден ашуун алуучуга 285,6 млн сом төлөндү

10-сентябрда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулун төлөөгө 285 млн 588 миң 480 сом каржыланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматтарды жаңыртуу, арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгуу жана кошумча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жөлөкпул алууга 232 229 адам түзүлдү.

Министрлик белгилегендей, төлөмдөр маалыматтар базасы жаңыртылып, алуучулардын маалыматтары текшерилгенден кийин жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар