Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө өлкөнүн мамлекеттик туусу көтөрүлүп, эгемендиктин мааниси дагы бир ирет белгиленди.
Салтанат бүгүн, 11-сентябрда шаардагы борбордук аянтта уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчы мамлекеттик туу өлкөнүн эгемендигин жана элдин биримдигин айгинелеген маанилүү мамлекеттик символ экенин айтты. Анын белгилешинче, туунун артында кыргыз элинин тарыхы, басып өткөн жолу жана атадан балага өтүп келген руханий баалуулуктары турат.
Садыр Жапаров мамлекеттик символдорду урматтоо менен бирге өлкөнүн келечегин бекемдөө ар бир муундун жоопкерчилиги экенине токтолду. Ал кийинки муунга мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган баалуулуктарды татыктуу өткөрүп берүү үчүн ынтымакты сактоо, жаштарга сапаттуу билим жана туура тарбия берүү зарылдыгын белгиледи.
Президент элди өлкөнүн туруктуулугун жана биримдигин бекемдөөгө, эгемен мамлекеттин келечеги үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.



