Башкы беткеКоомСадыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында шаарга арналган 30 заманбап электробустун ачкычын тапшырды.

Жаңы электробустар Таластын коомдук транспортун жаңылоого жана экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө багытталган. Алар үчүн зарыл болгон кубаттоо станциялары жеткирилип, “Талас автобекетинин” аймагында атайын жайлар даярдалды.

Учурда электробустарды Талас шаарынын ичинде жана ага жакын айылдарга каттамга чыгаруу үчүн маршруттар менен жүрүү графиктери иштелип жатат.

Жаңы транспорттун ишке кириши жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртып, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле электробустар абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтып, энергияны үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар