Башкы беткеПрезидентТаласта "Акылман" президенттик лицейи ачылды

Таласта “Акылман” президенттик лицейи ачылды

Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду.

Аземге Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ички иштер министри Улан Ниязбеков, мамлекеттик ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мамлекет башчысы жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен куттуктап, билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги үчүн негизги күч экенин белгиледи.

“Заманыбыздын эң ишенимдүү калканы — билимдүү жаштар. “Акылман” лицейи келечекке жаркын кадам таштаган чыныгы билим уясына айлансын”, — деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, лицейде өлкөнүн ар аймагынан тандалып алынган зээндүү балдардын жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Окуучулар заманбап билим алуу менен катар улуттук баалуулуктарды, мекенчилдикти жана адамдык бийик сапаттарды өздөштүрүп, өлкөгө кызмат кыла турган адистер болуп чыгышы керек.

Жаңы лицей миңге жакын окуучуга ылайыкталган. Анын аймагында 168 орундуу заманбап жатакана да каралган.

Садыр Жапаров “Акылман” лицейлери зээндүү балдар үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогуна айланышы керектигин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар