Башкы беткеКоомКыргызстан менен Словакия билим берүү тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Словакия билим берүү тармагында кызматташат

Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Словакиянын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Документке Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен Словакиянын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер Братислава шаарында өткөн жолугушууда кол коюшту.

Тараптар билим берүү реформаларын, анын ичинде Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өтүү жараянын талкуулашты. Ошондой эле билим берүүнү санариптештирүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, STEM-билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана техникалык-кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багыттарында тажрыйба алмашуу маселеси көтөрүлдү.

Тараптар Словакиянын өнөр жай, анын ичинде автомобиль секторундагы тажрыйбасын эске алуу менен кесиптик-техникалык билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Меморандум эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө негиз түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар