Башкы беткеПрезидентНоокатта 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ноокатта 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылында 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 1650 чарчы метрди түзөт. Имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулган.

Долбоордо балдар үчүн оюн аянтчалары, көлөкө чатырлар, от казан, көмүр сактоочу жай, ажатканалар жана өрт өчүрүүгө керектүү суу кампасы каралган.

Жаңы бала бакча Тескей-Кожеке жана ага жакын айылдардагы мектепке чейинки курактагы балдар үчүн шарт түзүп, ата-энелердин бала бакчага болгон муктаждыгын азайтууга багытталган.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунда жалпысынан 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын арасында 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, оорукана, ФАП, маданият үйү, 2 административдик имарат жана парк бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар