Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин жаңыланган жана жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты.
Иш-чарада «Манас» эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтүү тартууланып, төкмө акындардын аткаруулары болду. Президент комплексти жаңылоо тарыхый-маданий мурасты сактоо, улуттук духту жана муундар байланышын бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жаңыланган комплексте 200 орундуу Конгресс-холл, зыяратчылар үйү, беш коттедж, банкеттик зал жана жаңы административдик корпус курулду.
Ошондой эле «Манас» музейинин аянты кеңейтилип, экспозициясы жаңыртылды. Анда «Манас» менен катар «Семетей» жана «Сейтек» эпостору да кеңири көрсөтүлүп, санариптик жана голографиялык технологиялар киргизилди.
Мындан тышкары, 3000 орундуу жабык трибуна реконструкцияланып, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары сатылган сувенир дүкөндөрү курулду.
Президент «Манас Ордо» жаштарды мекенчилдикке, тарыхты урматтоого жана өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылууга тарбиялаган заманбап руханий-маданий борбор болушу керектигин айтты.



