Башкы беткеПрезидентТалас арена: 5 миңден ашык орундуу жаңы стадиондун курулушу менен Президент таанышты

Талас арена: 5 миңден ашык орундуу жаңы стадиондун курулушу менен Президент таанышты

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Анда футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди, ошондой эле ири маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Президент аймактарда спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү жаштардын ден соолугун чыңдоого жана аларды ар тараптан тарбиялоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы стадиондун социалдык мааниси жогору экенин айтып, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылууну жана объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар