11-сентябрда Талас шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Майрамдык салтанат шаардын борбордук аянтында «Тарых изи: жаралуудан келечекке» аттуу театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Анда кыргыз элинин тарыхынын маанилүү учурлары бий, музыка жана визуалдык эффекттер аркылуу чагылдырылды.
Көрсөтүүдө байыркы доордон жана Манас заманынан тартып Үркүн трагедиясы, советтик мезгил, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктар, базар экономикасына өтүү жана массалык миграция сыяктуу тарыхый окуяларга чейин камтылды.
Көрсөтүүнүн соңунда тарыхтын ар кайсы доорлорунун каармандары бир сахнага чыгып, муундар арасындагы уланмалуулукту, улуттук биримдикти жана эркиндикти символдоштурду. Ошондой эле азыркы Кыргызстанга жана өлкөнүн келечегин куруучу жаш муунга өзгөчө басым жасалды.
Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын 35 жылдык эгемендүүлүк жолуна токтолду. Мамлекет башчысы өлкөнү экономикалык жактан күчтүү, заманбап жана өз алдынча мамлекетке айлантуу алдыда турган негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.
Президенттин айтымында, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү улуттук биримдикти бекемдөөгө, тарыхый жана руханий мурастарды сактоого, экономикалык өсүштү камсыз кылууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана адамдык потенциалды чыңдоого негизделиши керек.
Садыр Жапаров ошондой эле эгемендүүлүктүн кийинки, 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленерин билдирди.
Салтанаттын соңунда кыргызстандык жана чет элдик эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.



