Башкы беткеКоомБаткенде курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүүдө

Баткенде курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүүдө

Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүп жатат.

Мелдешке облус аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринен түзүлгөн 10 команда катышууда.

Иш-чаранын ачылышында мекенди коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай турганы белгиленди. Ошондой эле алардын жакындарына сөз берилип, арбактарына багышталып куран окулду.

Мелдештин алкагында аскер кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөөгө жана мекенчилдик баалуулуктарды даңазалоого багытталган иш-чаралар да уюштурулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар