Башкы беткеКоомОшто алты айда 30 сейил бак курулду

Ошто алты айда 30 сейил бак курулду

Ош шаарында дагы бир жаңы сейил бак ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди.

Сейил бак Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен атайын инсталяция орнотулду. Ошондой эле балдар аянтчасы, воркаут зонасы да бар.

Белгилей кетсек, бул алты айдын ичинде ачылган отузунчу сейил бак болуп калды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар