Башкы беткеКоомОшто отузунчу сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто отузунчу сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда Жолон Мамытов атындагы жаңы сквер пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сквер Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулган. Анда заманбап отургучтар, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, жарыктандыруу жана акындын ыр саптары түшүрүлгөн инсталляция орнотулган.

Ачылышта шаар мэри Жолон Мамытовго арналган эстелик тактайчанын орнотулушуна жана скверди жарыктандыруу иштерине старт берди.

Маалыматка ылайык, бул Ош шаарында акыркы алты айда ачылган 30-сквер болуп калды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар