Ахматов Чыңгыз Аширбекович Кыргызстандын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун Башкы прокуратурадан “Кабарга” билдиришти.
Чыңгыз Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында баштаган. Кийин прокуратура системасында ар кандай кызматтарда иштеп, жетекчилик кызматтарды аркалаган.
2024–2026-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген. Эми ал Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына дайындалды.



