Башкы беткеКоомКөк бөрү жана көкпар билеттеринин акчасын кайтарууга табыштама 20-сентябрга чейин кабыл алынат

Көк бөрү жана көкпар билеттеринин акчасын кайтарууга табыштама 20-сентябрга чейин кабыл алынат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге сатылган, бирок пайдаланылбай калган билеттердин акчасын кайтарып алуу үчүн табыштамалар 20-сентябрга чейин кабыл алынат.

Улуттук электрондук билет системасынын маалыматына караганда, финалдык мелдештерге жалпысынан 7 миң билет сатылган. Анын ичинен 4 миң 409 билет валидациядан өткөн, 2 миң 591 билет пайдаланылган эмес.

Акчаны кайтарып алуу үчүн табыштаманы [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Табыштамага төмөнкү маалыматтар киргизилиши зарыл:

арыз ээсинин аты-жөнү;

байланыш телефону;

тапшырыктын же билеттин номери;

билеттин пайдаланылбай калуу себеби.

Ошондой эле электрондук билет жана төлөм жүргүзүлгөнүн ырастаган документ — чек, квитанция же электрондук төлөмдүн тастыктамасы тиркелиши керек.

Ар бир табыштама өзүнчө каралат. Билеттин УЭБС аркылуу алынганы, анын статусу, валидациядан өткөн-өтпөгөнү жана төлөм тууралуу маалыматтар текшерилет.

Маанилүү: билеттин валидациядан өтпөй калганы акчаны автоматтык түрдө кайтарып берүүгө негиз болбойт. Акчаны кайтаруу чечими берилген документтерди текшерүүнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар