Ош шаарында 2024-жылы мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкелерин берген 61 жаранга бүгүн мамлекеттик актылар тапшырылды. Документтерди шаар мэри Жанарбек Акаев өз колу менен тапшырды.
Маалыматка караганда, жаңы муниципалдык базар курула турган жер тилкелеринин ээлери менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алардын укуктарын эске алуу менен компенсация катары жердин 10 пайызы өлчөмүндө жеке менчикке жер берүү боюнча макулдашуу жетишилген.
Бул үчүн тиешелүү трансформация иштери жүргүзүлүп, документтер толук даярдалган.
Жыйынтыгында жалпы аянты 3 гектардан ашык жер коммерциялык багытка өткөрүлүп, ар бир менчик ээсине 100 чарчы метрден жер тилкеси жеке менчикке берилди.
Эми жарандар өздөрүнө берилген жер тилкелерин коммерциялык максатта пайдалана алышат.
Ош шаардык мэриясы мамлекеттик муктаждык үчүн жер алуу маселесинде жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып барарын билдирди.



