Жаңы окуу жылында Кыргызстан боюнча 1,5 миллионго жакын окуучу мектепке барды. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 миң 374 мектеп иштейт. Анын 2 миң 132си мамлекеттик, 242си жеке менчик. Жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.
Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы башталды. Анын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык билим берүү системасы боюнча окуусун улантат.
Мындан тышкары, өлкөдө 94 кесиптик лицей иштейт. Жаңы окуу жылына аларга электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынган.
Билим берүү инфраструктурасын жаңылоонун алкагында 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.
Жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда. Анын 49у жаңы мектеп, жетөө бала бакча болот. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки мектеп пайдаланууга берилет.



