Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүндө чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын элесине арналган эстелик ачылды.
Эстеликтин борборуна БТР-70 аскердик техникасы орнотулду. Анын ачылыш аземине Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер жана айыл тургундары катышты.
Иш-чарада Мамыржан Рахимов эстелик мекенчил уулдардын эрдигин даңазалап, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо маанилүү экенин белгиледи.
Аземдин катышуучулары курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Ошондой эле мекен коргоочулардын эрдигин даңазалоого салым кошкон жарандарга сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда курман болгон мекен коргоочулардын арбагына багышталып куран окулду.





