Кыргызстанда 160 дыйкан таттуу калемпир, капуста, малина жана кулпунай өндүрүү боюнча атайын окуудан өттү. Бул иштер Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рысгүл Акимжанова менен KOICAнын Кыргызстандагы директору Лим Соёндин жолугушуусунда айтылды.
Долбоордун алкагында мындан тышкары 20 экспертти даярдоо жана айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү, таңгактоо үчүн соода-логистикалык борбор куруу пландалууда.
Тараптар дыйкандардын билимин жогорулатуу менен катар айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу, жоготууларды азайтуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Долбоор 2024–2027-жылдары ишке ашырылат.




