Башкы беткеКоомИИМ чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды

ИИМ чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Мыйзамдуу иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксат алып, жашаган жери боюнча өз убагында каттоодон өтүшү жана тиешелүү документтеринин мөөнөтүн узартып турушу керек.

ИИМдин маалыматына ылайык, студенттик, туристтик, ишкердик жана «Сапар» визасы менен келген чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилбейт.

Ошондой эле Бирдиктүү уруксатта көрсөтүлгөн иш берүүчүдөн башка жерде иштөөгө болбойт.

Миграциялык талаптарды бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынышы мүмкүн.

ИИМ чет өлкөлүк жарандарды өлкөнүн мыйзамдарын, каада-салтын жана маданиятын урматтап, коомдук тартипти сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар