Нарын шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнө жол чырактар орнотулуп, жол чийиндери жаңыланууда. Иштерди Транспорт министрлигине караштуу “Кыргыз автожол — Түндүк” ишканасы жүргүзүп жатат.
Мериядан билдиришкендей мындан тышкары, “Таза Нарын” муниципалдык ишканасы мектеп жана бала бакчалардын жанындагы жөө өтмөктөрдү жаңыртып, жол белгилерин толуктоодо.
Ошондой эле негизги кесилиштерге жана жөө өтмөктөргө түнкүсүн жарык берип турган эскертүүчү жол белгилери орнотулду.
Жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери улантылууда.



