Башкы беткеКоомАгартуу министрлиги: окуу китептер эркин сатууга чыкпайт

Агартуу министрлиги: окуу китептер эркин сатууга чыкпайт

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер эркин сатууга чыгарылбай турганын эскертти.

Министрликтин маалыматына караганда, базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатуу фактылары катталган. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуулар жөнөтүлдү.

Министрлик жеке жана юридикалык жактарды окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого жана таратпоого чакырды. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Жеке менчик мектептер окуу китептерин «Учкун» ААКсы менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алышат.

Байланыш: 0997 112 204, 0708 608 002

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар