16-сентябрда Кыргызстанда күн ачык болот. Тоолуу аймактарда гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Күндүз абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28…+33,
Ысык-Көлдө +17…+22,
Нарын жана Таласта +22…+27 градус болот.
Бишкекте аба +27…+29, градус болушу күтүлөт.



