Ош шаарында жаңы “Шоро” сейил багы пайдаланууга берилди. Эс алуу жайын “Шоро” компаниясы тургундарга белек катары куруп берген.
Сейил бак заманбап стилде жасалып, анын негизги конструкциялары жыгачтан тургузулган. Аймакта шахмат ойноого ылайыкталган тактайлар, балдар аянтчасы жана эс алуучу орундуктар орнотулган. Ошондой эле жөө жүрүүчү жолдорго таш төшөлүп, айланасы жашылдандырылып, газон жана гүлдөр отургузулган.
Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сейил бак видеокөзөмөл системасы менен жабдылган.
Сейил бактын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, «Шоро» компаниясынын өкүлү Айбек Абдыбачаев жана шаар тургундары катышты.
Мэрдин айтымында, акыркы алты айда Ош шаарында 30 сквер ачылган. Ал бул көрсөткүч мындан ары да көбөйөрүн белгиледи.
Ошондой эле сейил бак жайгашкан аймакты келечекте спорттук шаарчага айландыруу пландалып жатканы айтылды. Бул жерде бир катар спорттук аянтчалар жайгашкан, учурда теннис корту да курулуп жатат.
Иш-чаранын соңунда шаарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга салым кошкон демөөрчүлөргө Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык каттары тапшырылды.



