Башкы беткеКоомThe New York Times Кыргызстандагы экономикалык өсүш тууралуу жазды

The New York Times Кыргызстандагы экономикалык өсүш тууралуу жазды

Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11 пайызга өсүп, экономикалык активдүүлүк жогорулаган. Бул тууралуу “The New York Times” жазды.

Басылманын маалыматына караганда, өсүшкө Россияга товарларды кайра экспорттоо, алтындын кымбатташы, каржы жана криптовалюта секторлорунун өнүгүшү, ошондой эле мамлекеттик курулуштар түрткү берген.

Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн 30–40 пайызы реэкспортко байланыштуу болгон. Кыргызстан аркылуу Россияга автоунаа, электроника жана ар кандай жабдуулар жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда өлкөдө жол, аэропорт жана башка инфраструктуралык объектилердин курулушу күчөгөн. NYT экономикалык өсүш менен катар Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстан аркылуу Россияга товар жеткирүүгө байланыштуу көзөмөлү жана санкциялары күчөгөнүн да белгилеген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар