Башкы беткеКоомЫсык-Атада жаңы тез жардам имараты ачылды

Ысык-Атада жаңы тез жардам имараты ачылды

Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, тез жардам кызматынын жаңы имараты, сейил бак жана балдар аянтчасы ачылды.

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Жаңы объектилер Кант шаарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, дарыгерлер үчүн иштөө шарттарын түзүүгө багытталган.

Учурда Ысык-Ата ЖДПБ 21 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 35 фельдшердик-акушердик пунктту камтыйт. Борбор 220 миңден ашуун калкка медициналык кызмат көрсөтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар