Башкы беткеКоомАнтье Граве Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгына кошкон салымы үчүн сыйланды

Антье Граве Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгына кошкон салымы үчүн сыйланды

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве өлкөдөгү төрт жылдык ишмердигин аяктоодо.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Антье Граве менен жолугуп, социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу, эмгек миграциясы жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча кызматташтыкты талкуулады.

Министр Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле социалдык коргоону күчөтүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган демилгелерди колдогонун белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Алмаз Имангазиев Антье Гравеге мындан аркы ишине ийгилик каалап, ведомстволук медаль тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар