Башкы беткеКоомЧек арада курман болгон жоокерлер эскерилди

Чек арада курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында Мекендин чек арасын коргоп, аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматчылары эскерилди.

Эскерүү иш-чарасына Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, ИИМдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, аскер кызматчылары жана ардагерлер катышты.

Иш-чарада курман болгон жоокерлердин элесине гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Улуттук гвардиянын салюттук тобу үч ирет асманга ок атты.

Жоокерлердин эрдиги эскерилип, алардын Мекенди коргоодогу кызматына таазим кылынды.

Мекен үчүн курман болгондордун жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар