21–23-сентябрда Бишкекте, 25-сентябрда Ош шаарында “Ынтымак жумалыгы — 2026” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Быйылкы жумалык “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү, тынчтык куруудагы жаштардын жана аялдардын орду” деген темага арналат.
Иш-чаранын алкагында коомдун туруктуу өнүгүүсүнө байланышкан маселелер талкууланып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу каралган.



