19-сентябрда Бишкектеги М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде аскер башчынын элесине арналган II шахмат турнири өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей мелдешке борбор калаадагы мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуучулары, ошондой эле “Шайыр балалык” шахмат клубу менен Тиленбаеванын Балдар шахмат борборунун жаш шахматчылары катышат.
Катышуучулар шахматтагы чеберчилигин сынап, логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүү, көңүл топтоо, чыдамкайлык жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн көрсөтүшөт.
Турнир 09:30дан 14:30га чейин өтөт. Иш-чаранын өнөктөштөрү — Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Шайыр балалык» шахмат клубу жана Тиленбаеванын Балдар шахмат борбору.



