Башкы беткеКоомОш облусунда жүрөк ооруларын аныктоо боюнча акысыз текшерүү башталды

Ош облусунда жүрөк ооруларын аныктоо боюнча акысыз текшерүү башталды

Ош облусунда “Саламат жүрөк” улуттук программасынын алкагында мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн акысыз медициналык текшерүү башталды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө жарандардын кан басымы, бою жана салмагы өлчөнүп, кандагы канттын деңгээли текшерилет. Ошондой эле электрокардиограмма тартылып, адистердин кеңештери берилет.

Иш-чара жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо максатында уюштурулган. Мындан тышкары, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана сергек жашоо образы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Текшерүү 23-сентябрга чейин төмөнкү мекеме-ишканаларда уланат:

  • Ош электр тармактар ишканасы;
  • Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
  • Ош облустук архитектура-курулуштук контролдоо башкармалыгы;
  • Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
  • Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар