Башкы беткеКоомЯпонияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны 100 миңден ашты

Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны 100 миңден ашты

Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны биринчи жолу 100 миңден ашты. Бул тууралуу Kyodo агенттигине таятнып Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, өлкөдө 100 жаштан ашкан 107 миң 677 адам жашайт. Бул көрсөткүч катары менен 56-жылдан бери өсүп келет.

Узак жашагандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт — 94 миң 298 адам же 87,6%.

Ошондой эле 2026-финансы жылында дагы 54 миң 294 адам 100 жашка чыгат деп күтүлүүдө. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 984 адамга көп.

Японияда 100 жаштан ашкан адамдар тууралуу статистика 1963-жылдан бери жүргүзүлөт. Ал жылы өлкөдө мындай курактагы 153 адам болгон. 1998-жылы алардын саны 10 миңден, ал эми 2012-жылы 50 миңден ашкан.

Өлкөдө калктын улгайышы жана төрөлүүнүн азайышы социалдык камсыздоо чыгымдарынын өсүшүнө алып келип, экономикага болгон жүктү күчөтүүдө.

2025-жылдагы маалымат боюнча, Японияда аялдардын орточо жашоо узактыгы 87,33, эркектердики 81,35 жашты түзгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар