Кыргызстанда бүгүн, 17-сентябрда, эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Биринчи жер титирөө саат 02:49да катталып, очогундагы күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Чаткал кырка тоосунун аймагында, Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта жана Таш-Көмүр шаарынан 70 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Кашка-Суу айылында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болсо, Кызыл-Капчыгай, Ит-Агар, Жаңы-Талап жана Согот айылдарында 2 баллды түзгөн.
Экинчи жер титирөө саат 06:39да болуп, анын очогундагы күчү 3 баллды түзгөн. Очок Кара-Булак айылынан 3 чакырым түштүктө, Орто-Сырт айылынан 5 чакырым чыгышта жана Нарын шаарынан 75 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында силкинүүнүн күчү 3 балл, Терек жана Ак-Бейит айылдарында 2 балл болгон.



