Башкы беткеКоом"ЖУСУП" тарыхый-көркөм улуттук тасмасынын бет ачары өттү

“ЖУСУП” тарыхый-көркөм улуттук тасмасынын бет ачары өттү

16-сентябрда Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Журт Атасы Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “ЖУСУП” тарыхый-көркөм улуттук тасмасынын  бет ачары болуп өттү.

Тарыхый-көркөм тасма Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана тарыхый ишмердүүлүгү тууралуу баяндайт.

Кинотасмада улуттук тарыхтын маанилүү барактары көркөм чагылдырылып, Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмер катары басып өткөн жолу, өлкөнүн келечеги үчүн жасаган эмгеги жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө кошкон салымы баяндалат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тасманын чыгармачыл тобу катышты. Бет ачардын жүрүшүндө тасманын жаратуучулары тааныштырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду белгиленди.

Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик ишмердин өмүр жолун жана тарыхый мурасын көркөм чыгарма аркылуу кеңири коомчулукка, өзгөчө жаш муунга жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар