Бишкекте бүгүн, 17-сентябрда, YUTONG үлгүсүндөгү 17 жаңы автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташый баштады.
Маалыматка ылайык, Бишкекке кондиционер менен жабдылган, узундугу 12 метр болгон 95 жаңы автобус алып келинген. Алар шаардык каттамдарга этап-этабы менен чыгарылат.
Алгачкы 17 автобус таңкы саат 05:00дөн тарта каттамга чыкты. Алардын айрымдары №153 каттамда иштей баштады. Буга чейин аталган каттамда жүргөн автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү.
Калган жаңы автобустар да жакынкы күндөрү этап-этабы менен каттамдарга чыгарылат.



