Аламүдүн районунда мурдагы почта бөлүмү жана ага тиешелүү 1341,2 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткени аныкталып, муниципалдык менчикке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, райондук прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө 2009-жылы А.Сыдыков айыл аймагынын токтомунун негизинде Васильевка айылындагы социалдык объект жеке жаранга мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Прокуратура көргөн чаралардын жыйынтыгында объект жер тилкеси менен бирге муниципалдык менчикке кайтарылды.



