Башкы беткеКоом2027-жылы Кыргызстанда дары-дармек сатып алууга 6,7 млрд сом каралууда

2027-жылы Кыргызстанда дары-дармек сатып алууга 6,7 млрд сом каралууда

2027-жылы Кыргызстанда дары-дармек сатып алууга 6,7 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу коомдук бюджеттик угууларда белгилүү болду. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы бул максаттарга 3,4 млрд сом багытталган болсо, 2026-жылы 3,7 млрд сом каралган.

Ал эми гемодиализ боюнча бюджеттик программага 2027-жылы 3,8 млрд сом бөлүү пландалууда. 2025-жылы аталган программага 3,4 млрд сом жумшалса, 2026-жылы 2,5 млрд сом каралган.

Мындан тышкары, 2027-жылдын бюджетинде эки улуттук программаны каржылоо каралган.

Атап айтканда, “Дени сак жүрөк” программасына 339,7 млн сом, ал эми пренаталдык скринингди киргизүүгө багытталган “Үмүт“ программасына 1,6 млрд сом бөлүү пландалууда.

Ошондой эле Улуттук онкология борбору үчүн онкологиялык дарыларды сатып алууга 101 млн сом каралган. Ушундай эле сумма – 101 млн сом – Улуттук госпиталга медициналык жабдууларды сатып алууга багытталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар