Ош шаарында 2026-жылы курулган жана оңдолгон жолдордун сапатына текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин, контролдоо бөлүмүнүн жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери кирди.
“Текшерүүнүн алкагында быйыл асфальтталган жолдордон керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлүүдө. Ошондой эле жол куруу технологиясы, колдонулган материалдардын сапаты жана аткарылган иштердин курулуш ченемдери менен стандарттарына шайкештиги текшерилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата титулдук иш планына ылайык, шаарда 50 км жолду асфальттоо жана 51 км тротуар куруу пландалган. Учурда 16,3 км жол асфальтталып, 17 км тротуар курулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы лабораториялык изилдөөлөрдүн жана жеринде жүргүзүлгөн көзөмөлдүн негизинде чыгарылып, аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.



