Башкы беткеКоомЧолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин абадан коргонуу маселелери боюнча жыйыны өттү

Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин абадан коргонуу маселелери боюнча жыйыны өттү

Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитетинин 63-жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди.

Жыйын КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитетинин төрагасы Юрий Греховдун жетекчилиги алдында өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев жыйындын катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууда абадан коргонуу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана аскердик ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Координациялык комитеттин айрым мүчөлөрүнө жана КМШнын Бириккен абадан коргонуу системасында кызмат өтөгөн офицерлерге юбилейлик медалдар тапшырылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Координациялык комитеттин жыйыны жумушчу форматта улантылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар