Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдөн 200 кг таштанды, Соң-Көлдөн эски торлор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 200 кг таштанды, Соң-Көлдөн эски торлор чыгарылды

17-сентябрда Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Алтын кум” эс алуу жайынын жээгинде суу алдындагы тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин Суучулдар кызматынын адистери көлдүн түбүнөн болжол менен 200 килограмм таштанды чыгарышты.

Мындан тышкары, Нарын облусундагы Соң-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 2,5 чакырымга жакын эски балык уулоочу торлор чыгарылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар