Кечээ, 17-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен анын өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.
Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда БУУнун орду жогору экенин белгилеп, конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Минкаб башчысы быйылкы жылдагы тарыхый окуяга токтолуп, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар туруктуу өнүгүүгө, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга, адамдык потенциалды өстүрүүгө жана өлкөнүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
БУУнун туруктуу координатору Антье Граве анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү өлкөдөгү масштабдуу реформалар, өзгөрүүлөр жана ийгиликтер мезгилине туш келгенин айтты. Ал БУУ менен жемиштүү кызматташуунун аркасында артыкчылыктуу тармактарда бир катар биргелешкен демилгелер ишке ашырылганын, жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүлүп, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө олуттуу натыйжалар болгонун белгиледи.
Соңунда тараптар өнөктөштүктү андан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев БУУ системасы менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон жеке салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана мамлекеттик органдар менен жемиштүү кызматташкандыгы үчүн Антье Гравеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.



