Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Исфайрам-4» кичи ГЭСинин курулушунда мыйзам бузуу аныкталып, иштер убактылуу токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, объектте пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө арматураларды монтаждоо иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан четтөө менен аткарылып жатканы аныкталган.
Мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн «Бай Строй» ЖЧКсына акт түзүлүп, кемчиликтерди долбоорго ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилген.
Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Кемчиликтер жоюлганга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.



