Башкы беткеМинистрлер кабинети"Майлуу-Суу лампа заводунун" жана "Хайдаркан сымап комбинатынын" өнүгүү келечеги талкууланды

“Майлуу-Суу лампа заводунун” жана “Хайдаркан сымап комбинатынын” өнүгүү келечеги талкууланды

Бүгүн, 18-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” жана “Хайдаркан сымап комбинатынын” учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында лампа заводун кайра жандандыруу, анын базасында индустриалдык парк түзүү жана ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча иштер каралды. Ошондой эле Хайдаркан комбинатынын өндүрүштүк потенциалын калыбына келтирүү маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, инвесторлорду тартуу, ишканалардын финансылык абалын чыңдоо жана жумуш орундарын сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар