Бишкектин Биринчи Май районунда «Умут», «Пригородный», «Теңдик», «Биримдик», «Соң-Көл», «Маевка» конуштарынын жана бир катар контурлардын жашоочулары менен жолугушуулар өттү.
Жолугушууларда негизинен аймактардын санитардык абалы, таштанды чыгаруу, жолдордун абалы, таза суу, электр энергиясы, газдаштыруу, канализация жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле коомдук транспорт, аялдамалар, жер жана турак жай документтерин мыйзамдаштыруу, мектеп жана бала бакчалардагы орундар, балдар аянтчаларын куруу жана пандустарды орнотуу боюнча кайрылуулар каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында жооптуу муниципалдык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилип, маселелерди чечүү боюнча иштер улантылууда.




