Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Корея энергетикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Корея энергетикалык кызматташтыкты бекемдейт

Сеул шаарында Президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (Korea Electric Power Corporation, KEPCO) корпоративдик улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен KEPCO ортосунда энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле тараптар электр энергетикасын санариптештирүү, электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу, интеллектуалдык электр энергиясын эсепке алуу тутумдарын (AMI), энергияны сактоо тутумдарын (BESS) киргизүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ошондой эле адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Энергетика тармагын санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. KOICA ODA долбоорунун алкагында Бишкек шаарында CAS сервердик инфраструктурасы түзүлүп, 10 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрү орнотулган.
Долбоордун кийинки этабында KETEP долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы 125 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрүн орнотуу каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар